super.kg logo

Ошто майыптыгы бар балдар үчүн "Асман" маданий-чыгармачылык борбору ачылды

 

Оштогу "Мээрим” балдар билим берүү борборунун алдында майыптыгы бар балдар жана жаштар үчүн "Асман" маданий-чыгармачылык борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында Ош мэриясына өнөктөш уюмдар, демөөрчү мекемелер, майыптыгы бар балдар, жаштар, алардын ата-энелеринин катышуусунда майыптыгы бар жаштардын бир катар маселелерин чечүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Анда мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселеси каралып, координациялык кеңеш тарабынан аярлуу катмардагы балдарга карата аткарылган иш-аракеттер боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган маданий-чыгармачылык борборунда билимге муктаж болгон жаштар профессионалдуу адистердин жардамы менен чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттырышып, өз алдынча жашоо үчүн бизнес чөйрөдөгү көндүмдөргө ээ боло алышат.

"Ошондой эле аталган категориядагы жарандарды социалдаштыруу боюнча окуу-семинарларды өткөрүү, психолог жана юристтен акысыз кеңеш берүү каралган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2023. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы нерселерди көрүү жана чыгармачылык менен алектенүү адамдарга чоң ырахат алып келет. Чыгармачылык өнүккөн жерде жашоо турмуш өнүгөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: