Кыргыз куткаруучулары Казакстанга жөнөп кетишти (видео)
Казакстандагы жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында кыргыз куткаруучулары коңшу өлкөгө жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолу жабылган. Анда Алга жана Кордай айылдарынын ортосунда 150дөй унаа Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.
Учурда жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул маселе кечээ Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.
15.12.23
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.