super.kg logo

ИИМдин Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн мурдагы жогорку кызмат адамы Түркиядан кармалды  

 

Ички иштер министрлигинин Интерполу тарабынан ири алдамчылыкка шектелген, мурдагы жогорку кызмат адамы Түркиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде 55 жаштагы А.Н.га карата козголгон кылмыш иши тергелген. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар шектүү жаран 2022-жылы Интерполдун издөө тизмесине жарыяланган.

Кармалган жаран ошол кездеги жогорку кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз түрдө 2,5 миллион доллар өлчөмүндө комиссиялык сый акы берүү шылтоосу менен борбор калаада жайгашкан ресторанга жана батирге ээлик кылып алган.

Андан соң кыймылсыз мүлктү жалпы суммасы 390 миң долларга баалап күрөөгө коюп, аты-жөнүн Ы.А. деп өзгөртүп из жашырып кеткен.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында аталган мүлк үчүнчү жактардын жеке менчигине өтүп кеткен. Мүлктү баалоо жана экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, батир 56 миң долларга, ресторан 771 миң 600 долларга бааланган. Жалпы келтирилген чыгым 827 миң 600 долларды түзгөн.

Учурда тергөө иштери уланып, экстрадиция маселеси каралып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: