super.kg logo

Президент: "Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт"

 

Коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда билдирди.

"Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирилиги менен эле күн өткөрүп калган. Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат.

Бул жаатта күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат. Жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпил жашоосун камсыздап, коркунуч туудурган ар бир көрүнүш менен олуттуу күрөшүүдө.

Анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы элдешкис күрөш жүргүзүлүүдө. Коррупция менен күрөшүү – бул бир жолку аракет эмес, бул туруктуу аракет болушу керек! Коомдун бардык деңгээлдеринде коррупцияны алдын алуу үчүн биз дайыма сак болушубуз керек. Цивилизациялуу мамлекеттин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – уюшкан кылмыштуулуктун жоктугу.

Кылмыш элементтери бар өлкөгө бир дагы инвестор инвестиция салбайт. Мындан тышкары, айрым аткаминерлер тарабынан дагы деле инвесторлордун ишине тоскоолдук, паракорчулук, лоббизм байкалууда. Бул көрүнүштөрдүн баары өлкөнүн имиджине зыян келтирет. Ошого байланыштуу коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланат жана мындан ары да күчөтүлөт!" деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кошумчалады.

"Айрым мыйзамсыз аракеттерди тымызын жасаган кызмат адамдарын жоопко тартуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бирок коррупцияга каршы күрөш биздин приоритеттүү багытыбыз болгондуктан, ал тынымсыз улантылат! Өткөн айда эле менин Тескемем менен 2025-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Анын курамына мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер киргизилип, жумушчу топко коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Сот жана прокуратура органдары сот адилеттүүлүгүнүн жана мыйзамдуулуктун кепили болгондуктан, өлкөдө сот адилеттүүлүгү жогорку деңгээлде жүргүзүлүүсү жана мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн кызмат кылышы керек. Акыйкат издеп кайрылган ар бир жаран мыйзамдуу талаптары ишенимдүү корголоруна терең ишениши керек!" деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: