Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу иштери уланууда
Бишкекте мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан соода объектинин өз билемдик менен кеңейтип алган кошумча курулушу буздурулду.
Мындан сырткары "Ак түн" мейманканасынын жанында орнотулган 25 метр темир тосмо жана Октябрь райондук прокуратурасынын буйругунун негизинде жалпы аянты 98 чарчы метрди түзгөн темир тосмо алынган.
"Буга чейин жетекчилик тарабынан комиссиялык кароо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган орнотуулардан, ошондой эле учурдагы мыйзам нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан тазалоо боюнча эскертүү кагазы берилген", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Тыналиев көчөсүндөгү 175 чарчы метр "Бонус" дүкөнү ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулуп жатканы кошумчаланды.
