"Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда презиленттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ага ылайык, мыйзамдын максаты президенттин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 "Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
"Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.
Ошону менен бирге, мыйзамда контроль жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып, кепилдик учур келерин, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мыйзамда башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата кошумча квалификациялык талаптарды жана аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоонун чектик мөөнөтү каралган.



