super.kg logo

Арстан Алай УКМК тарабынан кармалды. Чоо-жайы

 

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында 1968-жылы 28-апрелде Нарын облусунда туулган Арстанбек Абдылдаев (“Арстан Алай” аты менен белгилүү) кармалды.

"Кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген", - деп айтылат маалыматта.

Анын үйү жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайлары тинтүүгө алынып, көп сандагы адабияттар, атап айтканда китептер, брошюралар, дептерлер, компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин Абдылдаевдин эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.12.2023. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диний радикализмди жайылткан, башка диндерди басынтып, аларга карата жек көрүүнү калптандырган молдолор эмнеге камалбай журушот.
15.12.2023. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соц тармактарда ашынган исламчыл динчилдер ар кимдин намысына, кадыр баркына шек келтирген создорду айтып жатышат, алардан УКМК коркуп олтурат. Оздорун пайгамбар, Кудайга тенеп алган молдолор чекеден чыгат. Кудайдын атын жамынып алышып элге кожоюн болуп алган молдолорду да камаш керек. ГКНБ эки жуздуу болбогула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: