Ишкерлер үчүн “НӨЛдөн БИРге” китебинин бет ачары болуп өттү





Бүгүн, 15-декабрда "НӨЛдөн БИРге: Стартаптар тууралуу маалымат же келечекти кантип курабыз?" бестселлер китебинин кыргызча котормосунун бет ачары өттү.
Маалым болгондой, иш-чара бир нече сессиядан туруп, китеп жарманкеси менен коштолду.
Ошондой эле китеп ишкерлерге, стартап негиздөөчүлөрүнө, өз ишин баштагысы келген бардык окурмандарга мыкты колдонмо болуп бере алды.
Китептин автору - PayPal, Palantir компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Facebook тун биринчи тышкы инвестору Питер Тил.
Жаңы компания түптөп, аны кантип ийгиликке жана өз чөйрөсүндө ийгиликке жетелей аласыз? Автордун ою боюнча ар бир ийгиликтүү стартаптын өзөгүндө компанияга монополия макамын берген уникалдуу бир продукт жатат. Питер Тилдин бул китеби ишкерлерге өз компанияларын ийгиликке жетелөө үчүн кандай стратегияны тандоо керектиги тууралуу баалуу кеңештерин берет.
Белгилей кетсек, эл аралык бестселлер китептин автордук укугу “Китепстан” басма үйү тарабынан алынып, котормочу Элмира Абжапарова кыргызчалады.
