super.kg logo
  Саясат  

Чүйдөн келген делегат: “Мектептеги техникалык кызматкердин да эмгек акысы көтөрүлсө…”

 

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте Экинчи элдик курултай өтүп жатат.

Анын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасы сөз сүйлөдү. Учурда аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышууда. Алар аймактардагы республикалык көйгөйлөрдү аны менен катар сунуштарын айтып жатат.

Делегаттардын бири Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айыл аймагынан келген Шайдулла Жолдубаев билим тармагындагы бир катар маселелерди көтөрдү.

Урматтуу президент мектептеги ак чогултууну жокко чыгаруу иштерин жүргүзүп жатасыз. Сизге рахмат. Бирок бул аракеттер кээ бир мектептерде дагы деле бар. Мындан тышкары мектептердеги техникалык кызматкерлердин эмгек акысы аз болууда. Өткөндө мектепке барсам мектептин директору ыйлап жатат. Айлык аздыгынан эч ким иштебей, көчөдөгү башпаанек издегендерди алып келип пол жуудуруп жатканын айтты. Ошондуктан техникалык кызматкерлердин эмгек акысын да көтөрүп койсоңуздар жакшы болот эле”,- деди ал.

Белгилей кетсек, экинчи элдик курултай 15-16-декабрь күндөрү эки күнгө созулат. Бул курултайды өткөрүү жөнүндө президенттин тиешелүү жарлыгы август айында чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: