super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик Курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды

 

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултай өтүп жатат. Анын ишинин биринчи күнү бүгүн, 15-декабрда болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти.

Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик Курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берип, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, уюштуруу жана өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.

"Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, алар өз шайлоочуларынын айткандарын, алардын оюн, үнүн жеткиришти, сөздөрүндө аймактарды жана айылдарды өнүктүрүүгө басым жасап, социалдык маселелерди, атап айтканда, бул тармактын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу темасын көтөрүштү. Ошондой эле делегаттар чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эртең экинчи Элдик Курултай өз ишин улантат.

Түз эфир УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Түз алып берүү 16-декабрда саат 10:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: