super.kg logo

Баткенде 3 миң үй-бүлө көмүр менен камсыздалды

 

Баткен облусунда 3000 үй-бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, облустун бир жылдык көмүргө болгон ички керектөөсү 129 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калктын керектөөсү 98,2 миң тонна.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк 74 пайыз көмүр менен камсыздалган. Тагыраагы 72 миң 465 тонна көмүр ташылган.

"Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан облус боюнча 2 миң 994 аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 1660 тонна көмүр акысыз жана эң арзан баада берилди.

Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулчүлүгү биргеликте,калктын аярлуу катмарына жана чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундарга тоннасы 5000 сомдон болгон Сүлүктү кендеринин көмүрү жеткирилүүдө.

Бүгүнкү күнгө “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте облус калкына 1000 тонна көмүр жеткирилген",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми аймактарда көмүрдүн баасы сортуна жана жол чыгымдарын эсепке алганда ар бир райондо орточо 7500 сомдон 9000 сомго чейин сатылууда, жана терилген жогорку сапаттагы көмүр 9,0-12,0 миң сомдон сатылат. Бул баа монополияга каршы жөнгө салуу мекемеси тарабынан бекитилген. Бааны негизсиз көтөргөн жарандарга тийиштүү мекемелер тарабынан чара көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, облустун билим берүү тармагына 14,6 миң тонна, саламаттыкты сактоо тармагына 2,4 миң тонна көмүр керектелет. Бул тармактарда көмүр маселеси толугу менен чечилип, акча каражаттары которулуп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: