Айрым жерлерде кар жаайт. 16-декабрга карата аба ырайы
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 0…-2 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.