Курултайда Италиядан келген делегат визанын убактысын бир жылга узартуу сунушун айтты
Бүгүн, 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын делегаты, Италиядан чет элдеги мигранттардын атынан келген Миргүл Өмүралиева миграцияда жүргөн жарандардын көйгөйлүү маселесин көтөрдү.
“Тарыхта биринчи жолу Италия бийлиги кыргыз жарандарына легалдуу түрдө иштөөсүнө квота бөлүп берди. Анын негизинде келе жаткан жылдын жазында пилоттук долбоор башталганы турат. Тактап айтканда, кыргыз малчылары Италияга жардамга жумушка барат. Ошондуктан алардын визалары тоскоолдуксуз берилсе. Римде Кыргызстандын элчилиги иштейт бирок Бишкекте алардын элчилиги жок. Мындан улам виза алуу кыйын болушу мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөлөлүк күйөө балдарыбыз жана жээндерибиз көбөйдү. Мына ошол жээндерибиз кыргыздын каада-салты, маданияты менен терең танышуу үчүн биздин өлкөгө кирип-чыгуусу эркин болсо дейбиз. Ал үчүн визанын азыркы режиминин убактысын өзгөртүү маселесин карап койсоңуз”, - деди ал.
Мындан тышкары миграциянын агымын азайтуу маселесин бийликке эле жүктөбөй, мигранттардын үй-бүлөсү да ойлонуу керектигин, үйдөгү мамилеге таарынып чет жакка кетип жаткан кыз-келиндер көбөйүп жатканын кошумчалады.
Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ошондой эле аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышууда.
Учурда делегаттар жарыш сөзгө чыгып, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аны менен катар сунуштарын айтып жатат.
