super.kg logo

Кадыр Кошалиев: “Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылууда”

 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын делегаты Кадыр Кошалиев трибунада сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткандар буга чейин Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу кылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Учурда кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: