super.kg logo

"14 кылмыш фактысын жасоого катыштыгы бар экени аныкталды". Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

 

Бишкекте бир катар алдамчылык фактысына шектүү 34 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Октябрь райондук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда Октябрь РИИБине Ч.Ч. аттуу жаран К. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу анын 3 миң доллар акчасын көбөйтүп берем деп алдап алып, из жашырып кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда анын ушул сыяктуу 14 кылмыш фактысын жасоого катыштыгы бар экени аныкталды. Шектүүдөн жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(702) 743 335, 0(555) 300 071 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: