super.kg logo

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-декабрда экинчи Элдик курултайда айтты.

Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы делегаттар тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берүүдө. Орусиянын Иркустк шаарынан келген делегат Тынчтык Абдылдаев шайлоого катышпагандар тууралуу маселе көтөргөн. Мындан улам президент кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

“Сиз эң туура маселе көтөрдүңүз. Кечээ жакында Бишкек шаарынын Ленин районунда эки жолу шайлоо өтүп, бирок эл дээрлик шайлоого катышкан жок. Масштабдуу шайлоолордо деле, презденттик болобу, парламенттик болобу эл келбейт. Калк абдан кайдыгер мамиле жасайт. Анан шайланган президентке же депутатка туура эмес шайланды деп беш жыл бою нааразы болуп жүрөт. Ар кимибиздин жарандык позициябыз бар. Бар шайла, жарандык позицияңды билдир”, - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: