super.kg logo

 Бишкекте баңгизат саткан эки адам кармалды

 

Бишкекте баңгизат сатууга шектүү эки адам кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы алардын бири “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда соттолгон адам маңзат каражаттарын таратуу менен алектенип жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н. аттуу жаран “улуттар аралык кастыкты козутуу жана эркинен ажыратуу жайларынан качуу” беренеси боюнча мурда соттолгон, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда туруп, 2013-жылдан бери анын активдүү мүчөсү экендиги аныкталган.

Тактап айтканда, Бишкекте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө май куюучу станциялардын биринде Хонда-Фит үлгүсүндөгү унааны башкарган 1987-жылы туулган К.Э. жана жүргүнчү А.Н. токтотулган.

"Жеке текшерип кароодо А.Н.нын чөнтөгүнөн тунук түстөгү целлофан табылып, анда 8 даана өзгөчө жыты бар, кочкул жашыл түстөгү зат болгон. Алынган заттын салмагы таңгагы менен кошо 41 граммды түзгөн. Тинтүү учурунда Хонда-Фит унаасынын айдоочунун отургучунун чөнтөгүнөн салмагы 2 грамм тегеректелген формадагы зат табылып, алынган.


Айдоочу К.Э.нин жашаган жерин тинтүү учурунда кызматтык издөө иттин жардамы менен, салмагы 45 грамм болгон “гашиш” (Афган Чарс) баңги каражаттарын сактоо жайы табылды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар баңгизат болуп аныкталып, канабисса чайыры “гашиш” болгон. Шектүүлөр тергөө абагына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: