super.kg logo

Экинчи Элдик Курултайда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантууда

 

Экинчи Элдик Курултайда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков Элдик курултайга катышып, укук тартиби боюнча делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда.

"Курултайдын катышуучуларынын укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү кайрылуулары, арыздары Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан каралат. Учурда иш-чаранын эки күнүндө 50дөн ашык кайрылуу болуп, ичинен 19 сунуш, 3 ыраазычылык келип түштү. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болду. Минстр келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү кызматтарга мыйзамдарга ылайык объективдүү, ыкчам чечимдерди кабыл алууну көрсөтүү менен тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте өлкөнүн булуң-бурчунан келген делегаттардын катышуусунда экинчи Элдик Курултай өз ишин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: