super.kg logo
  Саясат  

Элдик Курултай: Садыр Жапаров тууну өзгөртүү сунушун колдоп берүүнү суранды (видео)

 

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү сунушун колдоп берүүнү суранды. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда айтты.

Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык мамлекетке барганын, айрым жолугушууларда “силер күн карама өстүрүп, май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин жана анда дароо эле кеп туу жөнүндө болуп жатканын түшүнгөнүн айтты.

“Төрага Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп жатат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип, мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей, мени тепкилегиле”, - деди Жапаров.

Ошондой эле ал тууга өзгөртүү кирсе, паспорт, унаа номерлерин дароо алмаштыруунун кажети жоктугун, акча сарпталбай турганын айтты.

"Нурланбек Шакиев демөөрчүлөр бар дебеди беле, аны мен айткам. 50-60 желекти мен эле айлыгымдан алмаштырып, мамлекеттин бир тыйынын кетирбей, демөөрчүлүк кылып коёюнчу дегем", - деди мамлекет башчысы.

Жапаров сөзүнүн соңунда залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Бирок тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген жок.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан.

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.






Экинчи Элдик Курултай 16.12.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: