super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кувейттин эмири дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин эмири, шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кувейттин мураскер ханзаадасы Мишаал Аль-Ахмад Аль Джабер Аль Сабахка көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кувейт мамлекетинин эмири, шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахдын мезгилсиз дүйнө салгандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Маркум шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Кувейт мамлекетинин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.

Шейх Наваф өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй–бүлөсүнө, жакындарына жана боордош Кувейт элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: