Бүгүн актёр Азиз Мурадилаевди эскерүү кечеси өтөт

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.
Эске салсак, Азиз Мурадилаев былтыр 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам көз жумган.
Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.
Өмүрүнүн соңуна чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.