super.kg logo

Казакстанга жардамга барган куткаруучулар кайтып келишти 

 

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жарыяланган өзгөчө кырдаалда боордош элге жардамга кеткен кыргыз куткаруучулары 16-декабрь күнү кечке маал мекенине кайтышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

"Кордай районунун акими жана казакстандык куткаруучулар кыйын күндө кол сунуп, жардам берген кыргыз куткаруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен грамоталарды жана баалуу сыйлык тапшырып, жылуу узатышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кордай районунда 14-декабрда жааган кардан улам кар күрткүсү пайда болуп, Алматы — Бишкек жолунда 150дөй автоунаа жүргүнчүлөрү менен калып калган. 15-декабрга караган түнү Кыргызстан 39 куткаруучу, беш оор техника, бир пикап жана эки карда жүрүүчү унаа жиберген.

Алардын жардамы менен бороон-чапкындуу жолдо калган Кыргызстандын 16 жараны мекенине жеткирилди. Мындан сырткары, карга тыгылган эки жүк ташуучу жана үч жеңил унааны сүйрөп чыгарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: