super.kg logo

Ошто опузалап акча талап кылууга шектүү коомдук бирикменин мүчөлөрү кармалды 

 

Ошто опузалап акча талап кылууга шектелип коомдук бирикменин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында өзүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикменин мүчөлөрүбүз деп аташып, жарандардан системалуу түрдө опузалап акча алып жүргөн шектүүлөр кармалды.

Милицияга Ош облусунун тургундары мыйзамсыз аракеттер фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Алар өздөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикмеге мүчө деп атаган айрым жарандар, узак убакыттан бери дарыканага барып, аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн акча талап кылып келишкенин кабарлашкан.

Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде көрсөтүлгөн "опуза-талап" кылмыш белгиси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын алкагында 15-декабрда Ош шаарындагы кафелердин биринде өздөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча "Аруу Сапат" коомдук бирикмесинин мүчөсү деп аташкан 1986-жылы туулган М.Г. жана 1987-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандар 5 миң сом акча алып жатканда кармалган.

Алардан опузалап алган акча каражаттары, коомдук бирикменин күбөлүгү табылып, алынган. Маалыматтарга караганда, бул коомдук бирикме мындан беш жыл мурда түзүлгөн.

"Мындан тышкары аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү бир айга жакын башка дарыкананын кызматкерлерине кирип, мыйзам бузуулар болду деп акча талап кылышкан. Ошол учурда алар 3 миң сом акча алышкан. Бул жагдай коопсуздук камерасына, акча алып жаткан учуру тартылып калган.

Аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда дагы 20га жакын жаран жогорудагы адамдарга карата арыз менен кайрылышты. Тергөө иштерин Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: