super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап чогуу элибизге кызмат кылабыз"

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, президент Садыр Жапаровдун элдик курултайда айткан сөзүнө пикирин билдирди.

Эми гана өзүмө келдим, 3 күндөн бери каттуу ооруп эми гана баш көтөрдүм. Ажообуздун Элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим.

Биринчиден, Президентибиз туура айтты эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.

Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыз бакыт!

Үчүнчүдөн президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагын бир жолу 5 жылга экинчи мөнөөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп кубаттап чогуу элибизге кызмат кылабыз деп умут артамын. 8 жылдан кийин да эл журт деп Садыр досумдай күйүп жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса!” деп жазды УКМК башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: