Министрлик жоголгон документтин сүрөтүн интернетке жарыялабоого чакырды

Маалыматка караганда, мекеме жоголгон документтерди таап алгандар сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап, ээсин табууга жардам сурап кайрылуу адатка айланганын белгиледи. Бирок мында жеке маалыматтар ачыкталып, ээсинин коопсуздугуна доо кетерин эскертти.
"Жоголгон документтерди издөө үчүн "Табылгалар бюросу" системасы иштейт. Аны электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана "Түндүк" тиркемесинен карасаңыз болот. Быйыл 11 айда 911 документ боюнча маалымат "Табылгалар бюросунун" базасына киргизилип, анын 316сы ээсин тапкан. Анын ичинде паспорт, туулгандыгы тууралуу, нике, айдоочулук күбөлүктөр бар", - деп айтылат маалыматта.
Паспортун жоготкондор жаңысын алуу үчүн кайрылса, кызматкер алгач "Табылгалар бюросунан" текшерери айтылды. Эгер ал жактан чыгып калса ээсинин убактысы жана каражаты үнөмдөлөрү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.