Бишкекте кыз ала качууга шектүүлөр кармалды
Бишкекте кыз ала качууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинен бир нече жигит кызды күч колдонуп, унаага салып кетишкенин билдирген.
Мындан улам аларга Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (никеге туруу максатында ала качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1999-жылы туулган Н.Э, Т.А, С.М жана Т.К аттуу жарандар кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.