super.kg logo

Кулак-мурду кесилген Аселге абактагы мурдагы күйөөсү кат жазууда

 

Кулак, мурду кесилген Асел Ногойбаеванын абакта жаткан мурдагы күйөөсү ага кат жазууда. Бул тууралуу Ногойбаеванын социалдык тармактагы баракчасында анын жакындары тарабынан айтылды.

Алардын айтымдарында, айыпталуучу абакта жатканына карабай, Аселге кат жазуунун жолун таап, мурдагы телефон номерине бир нече билдирүү жөнөткөн.

"Эжемди кескилеген мыкаачы түрмөдө отурса да телефон алганга мүмкүнчүлүгү бар экен. Биз жакыныбыздын ден соолугу үчүн күрөшүп, операцияга каражат чогултуп, ар кандай чабуулдар менен күрөшүп жатсак, айыпталуучу курсагы ток, жылуу жерде отуруп Аселге билдирүүлөрдү жазып жатат.

Азамат Эстебесов биздин салыктардын эсебинен мамлекеттик жактоочу менен камсыздалган. Ал жалпы камерада жатат, байланыш каражатына мүмкүнчүлүгү бар экенине караганда аны сыйлашат окшойт.

Айыпталуучу СМС билдирүү жөнөткөн номер тергөөчүдө болчу, колдонулбай калган. Тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү. Жакында отурум болгондуктан тергөөчү телефонду кайра өткөрүп берген. Аселдин агасы телефонду жандырганда абакта жаткан мурдагы күйөөсүнөн бир нече кат келген", - дейт жакыны.

Буга жабырлануучу Асел Ногойбаеванын жакындары нааразы болушууда.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбева ушул жылдын сентябрь айында мурдагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган. Ага чейин да ага күйөөсү кол көтөрүп, зордуктап келгени айтылган болчу.

Мындан улам Чүй облустук соту А. Эстебесовду уруп-сабоо жана зордуктоо боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: