ИИМ интернетте балдардын коопсуздугун кантип камсыз кылуу керектигин эскертти
Ички иштер министрлиги ата-энелик көзөмөл программаларын колдонуу менен санариптик дүйнөдө балдардын коопсуздугун кантип камсыз кылуу керектигин эскертти.
"Интернетте балдардын коопсуздугу заманбап билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Балдардын интернеттеги активдүүлүгү жогорулаган сайын аларды виртуалдык дүйнөдөгү коркунучтардан жана керексиз мазмундагы маалыматтардан коргоо маанилүү. Ата-энелик көзөмөл программаларын колдонуу - Net Nanny Parental Controls, Family Protection, CyberPatrol санариптик коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу каражаты болуп саналат. Бул программалар ата-энелерди балдарынын онлайн иш-аракеттерин көзөмөлдөө жана башкаруу куралдары менен камсыз кылат. Алар балдарга чектөө коюлган белгилүү бир веб-сайттарга, мазмундарга кирүүнү чектеп, атүгүл мөөнөтүн дагы белгилеши мүмкүн. Мындай чаралар интернеттеги бузуучу элементтердин кокустан же атайлап балдардын психологиялык жана физикалык акыбалына таасирин тийгизбөөгө жардам берет", - деп айтылат билдирүүдө.
Бирок бул көзөмөл программалары коопсуздук эрежелери боюнча ата-энелер менен балдардын баарлашуусунун маанилүүлүгүн алмаштыра албай турганы, балдарга интернетте коопсуз жана коркунучтуу жүрүм-турумдун айырмасын үйрөтүү, аларга жеке маалыматтарды жарыялоонун кесепеттерин түшүндүрүү жана социалдык тармактарды колдонууда этият болууга үйрөтүү маанилүү экени кошумчаланган.
ИИМ биргелешип колдонулган ата-эненин көзөмөлү программалары жана балдар менен болгон ачык баарлашуу алардын санариптик коопсуздугун камсыздоого шарт түзүп, алардын жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү интернет колдонуучулары болуп калыптанышына жардам берерин белгилейт.
