Орунтаев мыйзамсыз курулган объектилерди мыйзамдаштыруу иштери караларын айтты
Мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган объектилерди мыйзамташтыруу маселеси каралат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Мамлекеттик курулуш агентигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында бул курулуш объектилери тийиштүү уруксат кагаздарын алган эмес. Бирок Орунтаев ошол үйлөрдө жашап жаткан жарандарга жардам берүү максатында мыйзамдаштыруу маселеси карала турганын айтты.
"Бир топ оңдой турчу жерлерин карап чыккандан кийин гана курулушту ишке берүү маселесин койсок болот", - деди ал.
Ошондой эле 38 объектинин көбү нормативдик талаптарга жооп бербей жатканын белгиледи.
Эске салсак, Мамлекеттик курулуш агенттиги жарандарды мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган турак-жайлардан үй албоого чакырып, 38 объектинин тизмесин жарыялаган.
