super.kg logo

Кытай кыргызстандыктар үчүн виза алууну жеңилдетти

 
Кыргыз жарандары үчүн Кытайга виза алуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 17-декабрдан тарта Кытайдын элчилиги виза алууда документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды.
"Элчиликтин консулдук бөлүмү виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген күндөрү кезек менен кабыл алат. Мындан тышкары ишкерлерге, ошондой эле маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу үчүн же иш сапар менен бара турган кыргызстандыктарга Кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы дагы жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик ушул жылдын 7-ноябрынан тарта апостиль болгон учурда Кытай аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук мыйзамдаштыруу талап кылынбай турганын эскертти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: