super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Москвада КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге меймандостугу жана Орусиянын борборунда өтүп жаткан жыйындын мазмундуу программасы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Баарыңыздардын мазмундуу сөздөрүңүз, кызыктуу жана конструктивдүү сунуштарыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Урматтуу жыйындын катышуучулары, Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын жыйынтыгын кыскача жыйынтыктап жатып, биринчи кезекте биздин ишибизде негизги басым аймактагы ишенимди жана коопсуздукту чыңдоого, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле шериктештиктин ыйгарым укуктарын жогорулатууга багытталганын белгилегим келет", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал кызмат көрсөтүүлөрдүн өз ара соодасын кеңейтүү жана аны либералдаштыруу деңгээлин жогорулатуу, КМШ мамлекеттеринин инвестициялык кызматташтыгын жакшыртуу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин белгиледи.

"Биргелешкен инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана шериктештиктин жалпы экономикасында импорттук компоненттерге көз карандылыкты азайта аларыбызды баса белгилегим келет. Чек аралардагы ар кандай тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү азайтуу, иштеп жаткан транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын түзүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл деп эсептейм", - деди өкмөт башчы.

Акылбек Жапаров сөзүнүн соңунда Орусиялык кесиптешин эстафетаны колго алышы менен куттуктап, 2024-жылда аркалай турган төрагалык кызматына ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: