Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар үчүн балаты уюштурулду






Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар үчүн балаты уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балатыга турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 500 баласы чакырылган. Балдар үчүн жаңы жылдык программа уюштурулду. Иш-чараны ачып жатып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова балдарга куттуктоо сөзү менен кайрылды.
“Жаңы Жыл - эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам.
Биздин кичинекей конокторубузга кааларым бактылуу балалык, бекем ден соолук жана ачык келечек каалайм. Балдар биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы. Силердин ар бир күнүңөр бактылуу болуш үчүн мамлекет тарабынан талыкпаган иштер жүргүзүлүп келе жатат”, - деди ал.
Ошондой эле министр бүгүнкү иш-чараны уюштурган жана демөөрчүлүк көрсөткөн балдар үчүн кылган ак ниеттүү эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, “Назгүл Насиева” коомдук фондуна, Кыргызстан Кызыл Ай коомуна, “Артвин” курулуш компаниясына, Gamma Media жана Дасмия ресторанына ыраазычылык билдирди.
Майрамдын аягында ар бир балага жаңы жылдык белектер тапшырылды. Биздин балдар мындай майрамдан алган таасирлерин көпкө эстеп калышат.
