super.kg logo

Ошто алдамчылык менен шугулданган эже-сиңди кармалды

 

Ошто жасалма документтер менен үйлөр сатылып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айында И.А. аттуу Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу О.А. жана О.Ж. аттуу эже-сиңдилер Кара-Суу районунда 600 чарчы метр болгон жер тилкесинде, аянты 90,95 чарчы метр болгон үй-бар деп бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ жасашып, алуу-сатуу келишимин түзүү менен өткөрүп берип, жалпы суммасы 21 миллион 189 миң сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алып, изин жашырып кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Андан тышкары М.Б аттуу Ош шаарынын тургуну дагы ушундай эле арыз менен кайрылып, О.А. жана О.Ж экөө Кара-Суу районунда үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ менен сатышканын жана 11 миллион 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилгендигин билдирген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр 1980-жылы туулган О.А. жана 1981-жылы туулган О.Ж. тергөөгө келүүдөн баш тартып жүргөн жеринен, Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматына камсыз кылынып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жогоруда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары маалым болуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: