super.kg logo

Баасы 15 миллион сомду түзөт. Чүйдө чет элдик 2 жаран баңгизат менен кармалды 

 

Чүй облусунун аймагынан эки чет элдик жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда Аламүдүн районунун Константиновка айылына жакын жерде 1993-жылы туулган С.А.Р. жана 1992-жылы туулган К.М.Б. аттуу эки чет элдик жаран, жалпы салмагы 2 килограмм 800 граммды түзгөн синтетикалык "мефедрон" баңгизаты менен кармалган. Бул баңгизаттын базар баасы 1 граммы 6000 сомго бааланып, жалпы жүктүн баасы болжол менен 15 миллион сомду же 168 миң долларды түзөт.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна (Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган чет элдик жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: