Глобалдык жаштар программасынын катышуучулары: "Бири-бирибиздин каада-салттарыбызды жакындан билдик"
Мухтарбек Сафарбаев Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан келген этникалык кыргыз. Ал учурда кыргыз-түрк "Манас" университетинде 4-курста окуйт. Эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алган Мухтарбек Сеул шаарында өткөн Глобалдык жаштар программасы ал үчүн абдан пайдалуу болгонун айтты.
"Чет өлкөдөн келген студенттер менен баарлашып, англис тилибизди дагы да өркүндөткөнү зор мүмкүнчүлүк болду. Буюрса, өлкөбүзгө барып, алган тажрыйбаларыбызды колдонуп, ийгиликтүү иштерди жаратканга аракет жасайбыз", - дейт ал.
Ал эми Эдита Нурсеит кызы Эл аралык Куфейт университетинде билим алат. Аталган программанын жардамында мекенибизди тааныштырганыбыз чоң жетишкендик болду деген Эдита буларга токтолду:
"Бул иш-чаранын жардамы менен тажрыйба алмаштык. Бири-бирибиздин каада-салттарыбыз менен жакындан билип, жерибизди тааныштырдык. Мындан сырткары программанын арты менен лидерлик жөндөмүбүздү арттырып, жаңы билимге ээ кылды", - дейт программанын катышуучусу.
Эскерте кетсек, 11-16-декабрь күндөрү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында 9-Глобалдык жаштар программасы өттү. Ага Кыргызстан, Таиланд, Монголия, Вьетнам жана Индонезия өлкөсүнөн келген жигердүү жаштар катышты.
Анын алкагында катышуучулар лидерлик боюнча атайын окутуулардан өтүп, Кореянын тарыхы, маданияты менен да таанышууга үлгүрүштү. Мындан сырткары ар бир делегация өз өлкөсү тууралуу баяндап, маданиятын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жыйынтыгында ар бир катышуучу сертификаттарга ээ болду. Иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.
Глобалдык жаштар программасы келерки жылы да декабрь айында уюштурулат. Катышууну каалагандар бул шилтеме аркылуу кирип толугураак маалымат алса болот.
Мухтар Сафарбаев
Эдита Нурсеит кызы
