"Суукта 4 чакырым жолду басып мектепке барат". Кара-Кулжалык мугалим Каныкей Ыдырысова менен маек (видео)
Өткөн аптада өлкө боюнча катуу суук орун алды. Ошол маалда шарты катаал жолдо мектепке бара жаткан мугалимдин видеосу социалдык тармактарга желдей тараган болчу. Аны утурлай SUPER.KG медиа порталы ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Каныкей Ыдырысова экенин аныктап, маектешти.
Ыдырысова Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылындагы орто мектепте мугалим болуп 34 жылдан бери эмгектенип келет.
Түйшүктүү ошону менен катар кызыктуу мугалимдик кесиптин ээси Каныкей Ыдырысова, кечээ, 18-декабрда көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык катына татыды.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири президенттин колунан сыйлыкты Ыдырысова сыяктуу мугалимдер алышы керектигин жазган.
"Кара-Кулжанын Баатыр мугалими! Каникей эже, ушундай суукта 4 чакырым жолду жөө басып өтүп, балдарга сабак берет экен. А биз 4 мүнөт маршрут күткөндө чыдабай атабыз, чиркин!
Ушулар президенттин колунан сыйлык алып, жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынышын каалайм. Эже, ушунчалык карапайым экен", - деген ал.
Каныкей Ыдырысова 1970-жылы 1-январда Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Буйгак айылында жарык дүйнөгө келген. Өзү туулуп-өскөн айылдагы орто мектептен 8-классты бүтүрүп, Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык жогорку окуу жайында билимин уланткан жана 1989-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. Окууну аяктагандан соң Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу Ичке-Суу айылына турмушка чыккан. Аталган айылга келин болуп баргандан бери Терек-Суу айылындагы Терек-Суу атындагы орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп эмгектенет.
"Мугалимдик кесипти аркалаганыма быйыл 34 жыл болот" деген каарманым Каныкей Ыдырысова маегин алгач тандап алган кесибинен баштады.
"Жаңырган жылда, Кудай каалааса 54кө чыгам. Аба ырайынын ысык-суугуна, шамал-бороонуна карабай мугалим болуп иштеп келе жатканыма быйыл 34 жыл толот. Мен өзүм 13 бир тууганмын. Ата-энем карапайым эле адамдар болгон. Алар бардыгыбызды жогорку билимдүү кылышкан. Көпчүлүк бир туугандар мугалимдик кесипти тандап, иштеп жатабыз. Ушул кесипти тандап алгандан кийин 4 чакырым жолду жөө бассак да кесибимди сүйүп иштешим керек. Балдарга жакшы тарбия, билим берүү максатында бардык кыйынчылыктарды жеңип, өкмөткө кызмат кылып атабыз. Көптөгөн окуучуларга билим берип, тарбияладым. Учурда алар ар кайсы жакта түрдүү кесиптин ээлери. Айрымдары өзүм менен бирге мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенишет. Мен алар менен сыймыктанам".
Маектешимдин айтымында, Терек-Суу менен Ичке-Суу жолундагы кыйынчылыктар класска кирип, балдарга сабак өткөндө унутула түшөт. "Биз мугалимдер балдар үчүн жаралган калк экенбиз. Алардын сүйүнүчүнө кошулсак, кайгысын бөлүшүп жүрүп өмүрүбүз өтөт экен", - дейт ал.
Терек-Суу айылындагы билим уясына Ичке-Суу айылынан жалпы 20дан ашык бала барат. Ал эми 6 мугалим эмгектенет деген Каныкей Ыдырысова мындай катаал шартта өкмөт окуучулар менен мугалимдер үчүн бир кичи автобусту ишке киргизип койсо деген аруу тилегин билдирди.
"Азыр мына кыш мезгилинде бир нөмөөткө өтүп алгам. Иш күнүм таңкы саат 9да башталып, түшкү 2ге жакын аяктайт. Ал эми 2-нөмөөттө иштегенде иш убактысы кечки бештен өтүп бүтөт. Жолго 1,5 саат убактым кетет. Баарыбыздыкы эле ошондой. Айылдагы балдар сууктун күнүндө эртең менен саат 8-8:30га мектепке барышат. Мындан улам быйыл аларды ташый турган бир бусик алалы деп демилге көтөрүштү эле ишке ашпай жатат. Эгер бул иш оң жагынан чечилсе, бизге кыйла жеңилдик болот эле. Мурдатан эле тиешелүү органдарга унаа бөлүп берүү боюнча кайрылып келебиз, бирок эч кандай жыйынтык жок. Катаал шарт деген статусту да көптөн бери, Жогорку Кеңешке чейин кайрылуу жасап, билдирип келебиз. Эки айылда тең спорт зал же бала бакча жок. Өгөйлөнгөн айылдайбыз. Энесинин этегин кармап, топуракка ойношкон балдар бала бакча деген эмне экенин билбей түз мектепке барышат".
Беш баланын энеси жол азабына карабастан мугалимдик кесипти баалап, анын аркасында мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. 2017-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы жана 2020-жылы билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган.
"Жолдун алыстыгын, кыйынчылыгын эч ким эске албай келет" деген каарманым мектепке бара жаткандагы түрдүү окуялары менен бөлүшүп өттү.
"Мугалимдик кесипти аркалагандан бери кызыктуу жана жан кейиткен учурларга көп эле күбө болдум. Жаш кезимде жаңыдан жумушка орношуп, ачык сабак өттүм. Ошондо мектеп директору, мугалимдер "Сен бул маалыматтарды кайдан алдың?" деп таң калышкан. Ал убакта азыркыдай интернет, социалдык тармактар жок заман. Анан мен аларды мен ушунча 4 чакырым жолду күнүгө бекер басып жүрөт дейсиздерби, мен үйдөн чыкканда эле балдарга сабакты кандай кылып кызыктуу кылып өтүштүн методун изилдеп келем деп күлдүрөт элем.
Жолдо жамгырда да калган учурларым болот. Бир жолу жаан жаап жаткан учур, иш күнү аяктап үйдү көздөй жалгыз келе жатсам жолдо адам өтө албагыдай кыян жүрүп жатыптыр. Ошол жерде кыяндай өтө албай 1 сааттан ашык туруп башыман ылдый суу болгом. Келе жаткан унаага мени ала кетиңизчи деп жалдырап атып, үйгө келип, ошондо эмнеге мен өзүмдү кыйнайм, эмнеге шарт жок жерде иштейм деп аябай кыжаалат болгом. Бирок эртеси эле балдардын кылыгынан ал учур унутулуп калды. Кышы катаал болот бизде, бороон жүргөн маалда алдыга бир кадам, артка эки кадам сүрүлүп барып токтойбуз", - деди ал.
Ал жаш кезинде балдарын караганга киши жок аларды 4 чакырым жолдо жонуна көтөрүп жумушка барып келген күндөрү ыйлаганын кошумчалады. Бирок ошондой оор күндөрдү ичине катып, эч кимге даттанбай, балдарга татыктуу билим берүү үчүн азыр да талыкпай эмгектенип келээрин айтып, маегин соңуна чыгарды.
кошулду
Шарты катаал жолдо мектепке бара жаткан мугалимдин видеосу
