Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" мамлекеттин менчигине өттү
Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” туристтик-экскурсиялык борбору мамлекеттин балансына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка караганда, борборду анын мурдагы ээси Александр Сан мамлекеттин балансына өткөргөн.
"Республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарылды. Мындан тышкары, УКМК Камчы Көлбаевге таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдарын улантууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин атайын кызмат "Золотой дракон" ресторанынын ээси Борис Сандын уулу Александр Санды кармаган. Ал "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу Ильшаттын шериги болгон деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, Сан менен Салимов "Магнат" турак жай комплексиндеги 300 миң долларлык батирди Көлбаевдин таасири менен тартып алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.