Кыргыз жаштары Сеулда 9-Глобалдык лидерлик программасына ийгиликтүү катышып келди (фоторепортаж)
Түштүк Кореянын Сеул шаарында салтка айланган Глобалдык лидерлик жаштар программасы (Youth Global Leadership program) жыйынтыкталды. 9-ирет уюштурулган саамалык 11-декабрда башталып, 16-декабрда аяктады.
Иш-чара “Азия кайрымдуулук борборунун” колдоосу менен өттү. Ага Кыргызстан, Монголия, Таиланд, Индонезия жана Вьетнамдан келген жаштар катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан уюмдун биздин өлкодөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев баш болгон лидер жаштардан куралган делегация катышты.
Иш-чара атайын окутуулар жана эскурсияларга бай болду.
Программанын алгачкы күнү окутуулар менен коштолду. Анда Кореянын тарыхы, экономикасы, маданияты тууралуу маалымат берилип, лидерлик сапат боюнча окутуулар аталган өлкөнүн философия илиминин докторлору тарабынан өтүлдү. Лекциялар суроо-жооп менен коштолду. Бул күнү алынган билимдин арты менен жаштар лидерлик сапатын дагы да арттыра алды десек болот.
Глобалдык жаштар программасынын 2-күнүндө катышуучулар калаадагы WBC телеканалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда жаштар компаниянын техникалык-материалдык базасы, эфирдик программалардын даярдалышын көрүштү. Аталган телеканал 1969-жылы 8-августта алгачкы жолу обого чыккан. Учурда анын көрүүчүлөрү 2 миллиондон ашат. Телеканалдын өзгөчөлүгү улгайгандарга жана майыптыгы бар жарандарга арналган программаларга басым жасалгандыгында. Мындан сырткары, жаңылыктар, көңүл ачуучу программалар, социалдык-экономикалык, айыл чарба багытындагы программалар даярдалып, 24 саат бою обого чыгат.
Ушул күнү катышуучулар өлкөдөгү алдыңкы кондитердик цехтердин бирине да барышты. Мында алар ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өз колдору менен круассан жасап көрүштү.
Ушул эле күнү программанын катышуучулары корей кометикасын чыгарган заводдо да болушту.
Иш-чаранын 3-күнүндө Кореянын ири өндүрүш ишканаларына экскурсия уюштурулду. Алгач автоунаа чыгаруучу Hyundai Motor компаниясына барып, унааны чыгаруу процессин жеринде көрүштү. Атай кетсек, Hyundai Motor компаниясы дүйнөдөгү автоунаа чыгарган ири компаниялардын бири. Анын тарыхы 1947-жылга барып такалат. Компаниянын башкы кеңсеси Сеул шаарында жайгашкан. Аталган ишканада күнүнө 2 миңден ашуун унаа жасалат. Мында жумуштун 90 пайызын роботтор аткарат. Бирок ишкананын ичинен сүрөт жана видео тартууга уруксат берилген жок.
Андан соң, иш-чаранын катышуучулары калаадагы Nongshim тамак-аш өндүрүүчү компаниясына барышты. Анда корейлердин улуттук тамагы рамён, чипсы жана көп минералдарды камтыган ичүүчү суу өндүрүлөт. Ишкана продукция даярдоо үчүн айыл чарба продукцияларын дыйкандардан гана сатып алат. Компания дыйкандарды колдоо максатында түзүлгөн. Анын эмблемасы “Дыйкандын жүрөгү” деп аталат. Анда өндүрүлгөн продукция дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнө экспорттолот. Эң көп Кытайга жиберилет. Кореядан сырткары чет өлкөлөрдө да филиалдары бар. Бул ишкана да роботтошкону менен таң калтырды. Тилекке каршы, бул компаниядан да сүрөт жана видео алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Ушул эле күнү катышуучулар өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири Dongguk университетине да барышты. Анда окуу жайдын жетишкендиктери, жаңы инновациялык технологиялар боюнча маалымат берилип, тарыхы тааныштырылды. Окуу жай 1947-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Андан кийинки күнү катышуучулар Сеулдагы "Кёнбоккун" тарыхый жайына барышты. Бул сарай 1394-жылы кореялык жогорку даражалуу Чон Дожонгдун долбоору боюнча курулган. Ал учурда Чосон династиясынын негизги жана эң чоң сарайы болуп, анда падышанын үй-бүлөсү жашаган.
Корея өкмөтү япон оккупациясынын учурунда талкаланган имараттарды калыбына келтирүү жана тейлөө аркылуу бул жерди келечек муундар үчүн сактап калуу үчүн көп убакыт жана күч жумшаган. Азыр сарай ачык асман алдындагы музейге айланган. Аны көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келишет. Кёнбокгундун негизги имараттары: "Кынджонджон" такты залы, ошондой эле жасалма көлдүн ортосунда турган "Кёнхверу" павильону. "Кёнбокгундун" сулуулугунан тышкары, келген коноктор сарайдын аймагында жайгашкан Улуттук сарай музейин жана Улуттук фольклордук музейди да көрө алышат.
Ушул эле күнү жаштар чай ичүү аземине катышты. Чай ичүү аземи — Кореяда миң жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келе жатат. Корей чай ичүү аземинин негизги элементи - бул расмий шарттарда чайдан ырахат алуунун жеңилдиги жана табигыйлыгы. Бүгүнкү күндө Кореядагы чай аземи – бул көп жылдык салттарды улантуу менен, тез өнүгүп жаткан жаңы корей маданиятында эс алуу жана гармония табуу жолу. Коноктор жапыз үстөлдүн тегерегине отурушат, аны чай устасы жетектеп, аземди башынан аягына чейин өз алдынча жүргүзөт. Анда капкагы бар атайын чопо идиште, бир нече чайнектер жана чынылардын топтому болот. Коноктор жок болгондо идиш-аяктарды чаңдан сактоо үчүн үстөлдүн үстү кара чүпүрөк менен жабылат. Чай берүү аземи сиз каалаганча созулушу мүмкүн, эч кандай чектөөлөр жок. Чай менен түрдүү таттуулар да берилет. Салтанаттын аягында коноктор жүгүнүү менен үй ээсине ыраазычылыктарын билдиришет.
Ушул эле күнү Seoul City Hall (Сеул шаардык мэриясы) менен да таанышууга мүмкүнчүлүк болду.
Иш-чаранын акыркы күнүндө келген ар бир делегация өз өлкөсү тууралуу баяндап, маданияты менен тааныштырды. Анда биздин өлкө тууралуу атайын видео тасма тартууланып, Кыргыз күүсү жаңырып, Кыргыз ырлары катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Ушул эле күнү 5 өлкөдөн келген катышуучуларга АСС уюму тарабынан атайын сертификаттар салтанаттуу тапшырылды. Кыргызстандан барган 12 катышуучу да сертификатка ээ болуп, иш-чара расмий түрдө жыйынтыкталды.
АСС'нин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев аталган программага катышуу шарттары, талаптары тууралуу SUPER.KG медиа порталына маек куруп, айтып берди.
Катышууга кызыктар болгондор англис же корей тилдерин билип, коомдук иштерге жигердүү катышуусу керек. Ошондой эле окууларында игйиликтерге жетүүсү абзел. Ал эми " Азия кайрымдуулук борборунун" иштерине жигердүү катышып келген ыктыярчыларына жана аталган борбордун степендианттарына артыкчылыктар берилет. Толугураак маалымат бул шилтемеде.
Биздин медиа портал аталган программанын таасири жана пайдасы тууралуу катышуучулардын пикирин угуп көргөн. Анда алар бул иш-чаранын арты менен лидерлик сапатын жакшыртып, дүйнө таанымын кеңейтүү менен жаңы билимге ээ болгонун баса белгилешкен. Ошол эле учурда мындай программалар жаштарга дем берерин айтып, Кыргыз маданият жайылтууга да чоң мүмкүнчүлүк жаратып бергенин билдиришкен.
"Азия балдарына камкордук" (ASIA CHARITI CENTER) фонду - билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Анын Кыргызстандагы филиалы 2012-жылдан бери жигердүү түрдө иш алып барууда.
Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат.
Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
кошулду



