super.kg logo

Tik Tok тиркемеси бөгөттөлгөн жок

 

Бүгүнкү күндө Tik Tok бөгөттөлгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат жыйынында министрликтин байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 30-августунда тиркемени жабуу боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кат келген. Себеби, аталган министрликке балдардын психологиясына терс таасирин тийгизип жатат деген кайрылуулар болгон.

Токторбаев Tik Tok тиркемесине техникалык жактан бөгөт коюуга болорун айтып, соттун чеми керек деди.

"Бирок Маданият министрлиги менен тиркеменин өкүлдөрүнүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Ошондуктан азыр жабылбай эле турат", - деп билдирди.

Эске салсак, 30-августа Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты аталган тиркемени жабуу боюнча чечимин Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөткөн. Бул өз кезегинде коомчулукта талкуу жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: