Бишкекте балдар ооруканасында кезек күткөндөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Бүгүн, 19-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, ооруканада министр хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди.
Министрдин тапшырмасы менен Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө салуу жана ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, ооруканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен ооруканага жаткырылды. Калгандары адистин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Күнүнө 13төн дарыгер нөөмөттө турат, алардын санын 15ке жеткирүү пландалууда.
"Оорулуу баланы экиден кем эмес адам коштоп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Бул дагы оорукананын коридорлорунда кошумча кезектерди жаратууда. Кесиптешим Өзгөчө кырдаалдар министри менен макулдашуу боюнча февраль-март айларына чейин иштей турган көчмө госпиталдар уюштурулду.
Ошондой эле тез жардам боюнча Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун экинчи базасында Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун көчмө клиникалары иштейт. Мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары бар, бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулат", - деди министр.
