"3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул төлөшөт". Мэрия бир катар ишканаларга айып салды






Борбор калаанын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы бир нече юридикалык жана жеке жактарга курчап турган аймакты кардан жана муздан тазалабагандыгы жана атайын заттарды чачпагандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, кар жааган алгачкы күндөрү инспекторлор көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок дагы деле мыйзам бузуулар бар.
Карды тазалабагандыгы, музду түшүрбөгөнү жана чачырабаганы үчүн төмөндөгү ишканаларга айып салынды:
- «Кыргызтелеком» ААКсы;
- Поворинская жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Райкан КР» ЖЧК;
- Ибраимов көчөсү, 57/24төгү «Фармамир» ЖЧКсы;
- Горький 29/1 көчөсүндөгү паб Berlin;
- Көлбаев 21а көчөсүндөгү «Азия Ретейл».
Мыйзам бузгандардын баары Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылып, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып төлөшөт.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранып, аны бузгандарга жоопкерчиликти эскертет.
