super.kg logo

Догдуркүл Кендирбаева Гёте институтунун башчысы менен кызматташтыктын багыттарын талкуулады

 

Берлин шаарында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Германиянын И.В.Гёте атындагы Институтунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Хайке Улих менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

"Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде немис тилин үйрөнүүнү колдоо, анын ичинде тиешелүү окуу китептерин басып чыгаруу, немис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, тил практикасын жана маданий алмашууну бекемдөө үчүн Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жаштардын алмашуу программаларын колдоо зарылдыгын белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Хайке Улих Гёте атындагы Институт Ош шаарында немец тили боюнча экзамендерди тапшыруу жана эл аралык сертификат берүү үчүн Немис тилин окутуу борборун түзүүгө даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: