super.kg logo
  Спорт  

UWW Айсулуу Тыныбекованы дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз деп тапты

 

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан кыз-келиндер күрөшү боюнча "2023-жылдын мыкты балбаны" аталды.

Белгилей кетсек, быйыл Айсулуу Тыныбекова 6 эл аралык мелдешке катышып, 4 алтын, 1 коло медаль уткан. Алардын ичинде Тыныбекова Азия жана дүйнө биринчиликтерин утуп, Азиянын 5 жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болду. Ошондой эле 2 эл аралык рейтингдик мелдеште биринчи орунга татыган. Кытайда өткөн Азия оюндарында коло тагынган.

Учурда Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 95 миң 575 упай менен 62 кг салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: