super.kg logo

"Дубайдан 24 батир". УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулун кармады

 

Кримтөбөл Камчы Көлбаев тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, 6-декабрь күнү М.А.М аттуу (Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу) кармалган.

"Ал Көлбаев жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин чечмелөө максатында Көлбаевдин жана анын уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө пайдаланууну камсыздаган Лексус LX570 брондолгон автоунаасын каттоого алган. Мындан тышкары, ал Камчы Көлбаев менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылаган", - деп билдиришти УКМКдан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган М.А.М. аттуу жаранга тиешелүү ири өлчөмдөгү мүлктөр, анын ичинде Дубай шаарындагы элиталык "Business Bay" аймагында жайгашкан 24 батир аныкталган. Анын баасы болжол менен 4 жарым миллион доллардан ашык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: