super.kg logo

Мамлекеттик тууну өзгөртүү: Балбак Түлөбаев эмне себептен добуш бербей койгонун айтты (видео)

 

Бүгүн, 20-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Анда каттоодон өткөн 79 депутаттын 59у колдоду. 5 эл өкүлү "каршы" добуш берсе, 15 депутат добуш берген жок.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө добуш бербей койгондордун арасында депутат Балбак Түлөбаев дагы бар. Ал эмне себептен добуш бербей койгонун айтып берди.

"Биринчисинде макул болгом, анан эл мени чакырды. Жети-Өгүзгө, Тоңго, Кеминге бардым. Ал жерлерден мага "Экинчи окуу, үчүнчү окуу дебей мындан кийин каршы чыгасың" деп айтышты. Мен президенттин тарапташымын, позициям өзгөргөн жок. Бирок бул маселеде эл мага "сен добушуңду бербе" деп айтты. Мен ошон үчүн добушумду берген жокмун", - деди Балбак Түлөбаев.






Балбак Түлөбаев тууну өзгөртүүгө эмне үчүн добуш бербегенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: