super.kg logo

Экономика министри быйылкы 10 айдагы ички дүң продуктунун көлөмүн атады 

 

Ушул жылдын январь – ноябрында өлкөдө ички дүң продуктунун көлөмү 1 триллион 72,6 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосуна таянып, экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4 пайызды түзгөнүн белгиледи.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 106,3 пайызды түзгөн.

"2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш темпи 104,5 пайызды түзөт, өнөр жай, кызмат көрсөтүү сыяктуу секторлордун аркасында. Ал эми инфляциянын деңгээли (2023-жылдын декабры 2022-жылдын декабрына карата) 10 пайыз төмөн деп болжолдонууда, бул бир жагынан азык-түлүк инфляциясынын өсүшүнүн уланып жаткан басаңдашы, экинчи жагынан инфляциялык күтүүлөрдүн жогорку деңгээлинин сакталышы жана туруктуу базалык инфляция менен шартталган", - деди ал.

Экономика секторлорунда көрсөткүчтөр 2023-жылдын январь – ноябрында курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,3 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 5,6 пайызга, өнөр жайда 1,6 пайызга, айыл чарбасында 0,3 пайызга өскөнү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: