Нарында вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады




“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ак-Талаа айылынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарын районунун Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.
"Абаны эффективдүү вентиляциялоо үчүн системасы, суу сактагычы менен суу насосу, канализация жана суу түтүктөрү, сантехникалык жабдуулар орнотулду. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы жана өрт өчүрүү системасы орнотулду" деп айтылат маалыматта.
