super.kg logo

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды

 

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу участокторуна баруучулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында чынжырлары болуусу керектигин эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, жолдордун тоолуу тилкелеринде тыгын пайда болгон учурда каршы тилкеге чыкпоо жана кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу менен алектенген атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбоо зарыл.

"Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн, 20-декабрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт",-деп айтылат маалыматта.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында секундасына 15-20 метрге жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: