super.kg logo

Майрам деп алаксып калбаңыз. ИИМ эске салган эрежелер

 

ИИМдин Күзөт кызматы Жаңы жылдык майрамдарда үй уурулугунун курмандыгы болбоонун эрежелерин эскертет.

Милиция кызматкерлери Жаңы жыл майрамында кол салгандар кожоюндарынын жоктугунан жана этиятсыздыгынан пайдалана алышат. Жаңы жыл түнүн үйдөн тышкары өткөрө турган жана жашаган жерин уурулардан коргогусу келгендер үчүн жөнөкөй сунуштарды сунуштайт.

"Акыркы убакта акча жана алтын зер буюмдары кол салуучу объект болуп калган учурлар көбөйдү. Батирлерге кирүү ыкмалары ошол эле бойдон калды: уурулар эшиктин кулпусун бузуп, турак жайга ачык терезелер жана лоджиялар аркылуу кирип, пластик терезелерди жана торлорду чыгарып алышат",-деп билдиришти ИИМден.

Батирлериңизди жана үйлөрүңүздү коргоо үчүн милиция бир нече эрежелерди сактоону сунуштайт:

- биринчи жана акыркы кабаттардын жашоочулары, ошондой эле жеке сектор терезелерге темир торлорду орнотууну унутпашы керек;

- мүмкүн болсо, ар кандай кулпулар менен кош эшик орнотуңуз;

- ИИМдин Күзөт кызматынын дүрбөлөң баскычын орнотууга кайдыгер карабаңыз.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (КИББ) маалыматына ылайык, катталган кылмыштардын жалпы санынын 70 пайызы ашууну — бул бирөөнүн мүлкүн уурдоо болуп саналат. 2023-жылдын январынан ноябрына чейин жарандардын мүлкүнө карата 16 миңден ашык кылмыш жасалган.

Расмий маалыматтарга ылайык, ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан кайтарууда турган батирлерде уурдоого жол берилген эмес

Турак жайдан уурдоонун алдын алууга кепилдик жок, бирок мындай мүмкүнчүлүктү азайтуучу коргоо чараларын көрүү зарыл. Акыркы мезгилде жаңы жыл майрамында үйдө отургандар аз болуп, адатта, көпчүлүк жарандар конокко барышат же саякатташат. Мындай учурда, өз мүлкүңүздү коргоо үчүн алдын ала кам көрүшүңүз керек.

Майрамдык дем алыш күндөрү үйдү кантип коргоо керектигин айтып берели:

- саякаттоого чыгуу пландарды социалдык тармактарда бөлүшпөңүз;

- баалуу буюмдарды, акчаны ар кайсы жерге жашырыңыз;

- үйдөн чыкканда бардык терезе-эшиктерди жабыңыз.

"Ошондой эле массалык иш-чараларда мүлкүңүздүн коопсуздугуна кам көрүңүз. Баалуу буюмдарды жана көп акча көтөрбөңүз. Жоопкерчиликтүү жана сергек болуңуз, өзүңүздү жана жакындарыңды, өзгөчө балдарыңызды сактаныңыз",-деди ИИМ кызматкерлери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: