Маалым болгондой, иш-чарага шаардык кызматтардын, борбор калаадагы МККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасына ылайык, башаламан унаа токтоочу жайларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү максатында, биринчи этапта 10 даана эвакуатор сатып алуу пландаштырылууда, алар борбор калааны туура эмес токтотмолордон тазалоо боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте иш алып барат.

"Алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына -1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек",-деп айтылат маалыматта.